Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеӊеште билим берүү күндөрүн кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелерине аптасына 5 күндүк окуу күнүн киргизүүнү сунуштоодо. Эл өкүлдөрү муну менен мектептерде билим берүүнүн сапатын арттырууга мүмкүн экенин айтууда.
"Мындай тажрыйба көп өлкөлөрдө бар. 6 күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп, алар ар кандай секциялар менен ийримдер сындуу өздөрү кызыккан жана пайдалуу нерселерге катыша албай калат. Мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экени, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгени, 5 күндүк окууда алардын маянасы кыскарбай турганы белгилүү болду. Мындай демилгени өкмөт өкүлдөрү да колдоо менен, окуу программасын 5 күндүк окууга ылайык келтирүү чаралары көрүлөт", - деп көрсөтүлгөн мыйзамдын негиздемесинде.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан пилоттук долбоорго ылайык, ушул тапта мектептердин 80 пайызы 5 күндүк окутууга өткөн. Өлкөдө 159 мектепте окуучулар 3 сменде окуйт. 446 мектепте гана 1 сменде окутулат. Мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.