Учурда Швейцариянын Церматт тоо лыжа курортунда 13 миңден ашуун туристтер бар. Бул тоо курорту дүйнөдөгү эң кооз кышкы эс алуучу жайлардын бири. Акыркы күндөрү аталган тоо лыжа эс алуу жайына катуу кар жаагандыктан, жолдор жабылып, көчкү түшүү коркунучтары пайда болду. Учурда бардык каттамдар, темир жол, унаа жолдору жабылып, 13 миңден ашуун жаран кар туткунунда калды. Бирок курорттун администрациясы туристтердин арасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануунун кажети жок деп билдирүүдө.
Бүгүн түшкү саат 2 чамасында тик учактын жардамы менен тоо курортунан кетиши керек болгон жарандарга жардам көрсөтүлүп, туристтер калктуу конуштарга жеткирилген. Бийлик өкүлдөрү Церматт курортундагы эс алуучуларды эшикке чыкпоого, кар тазалоочу техникалардын жумушуна тоскоолдук жаратпай турууга чакырууда.