Бүгүн, 10-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам ооруканага жеткирилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, болжол менен саат 18:30 чамасында эл ташыган Мерседес-Спринтер унаасы менен Мазда үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Спринтерде болжол менен 15тей жүргүнчү болгон. Алардын ичинде 6 адам ооруканага жеткирилди, айрымдары жандандыруу бөлүмүнө түшкөн", - дейт кырсыктын күбөсү.