Жаңы мыйзам боюнча Молдовада Европа конвенциясына кошулбаган өлкөлөрдө чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик жана саясий программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат. Ал конвенцияга кошулбаган өлкөлөргө Орусия да кирет. Молдовада Орусиянын көңүл ачуучу жана башка жеңил программаларын алып көрсөтүүгө уруксат берилет.
Айта кетсек, буга чейин "Чет элдик үгүткө каршы күрөш жөнүндө" мыйзамды эки жолу артка кайтарганы үчүн өлкө башчысы Игорь Додонун ыйгарым укуктарын Конституциялык сот убактылуу токтоткон.