2 мүнөт бою көзүн ирмебей турган актриса интернет колдонуучуларын таӊ калтырды

Голливуд жылдызы Жессика Честейн испаниялык телеканалдардын биринде алып баруучу менен болгон мелдеште 2 мүнөт бою көзүн ирмебей турду. Видеодо анын көздөрүнөн жаш агып кеткенин байкоого да болот. Бирок ага карабай таймашты уланткан актрисанын мындай өжөрлүгү интернет колдонуучуларын таӊ калтырды.

"Көзүм талып, ооруп турат, бирок эч ким мени жеӊе албагандай, көрсөтүүдө рекорд коюу үчүн эки мүнөткө чейин уланттым", - деген ал шоу-программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө.

Социалдык тармактын колдонуучулары Жессиканын рекордун жаӊылоого аракет кылышкан. Бирок айрымдары 24-28 секундда эле чыдабай, көздөрүн ирмеп жибергенин жазышкан.

2 мүнөт көзүн ирмебей турган актриса соц. тармактагыларды таӊ калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Arti
2018-01-11 10:50:09
Мен дагы кайталоого аракет кылдым. Бирок 50 сек жеткенде козумдон жаш агып кетти))
+3
tuki
2018-01-11 11:27:57
2 минута 15 чыдадым атайын секундомерди койуп коздон жаш агып кетти
+3
Adiletia
2018-01-11 12:23:35
tuki, неге агат эй жаш. Слабаки.
-10
tuki
2018-01-12 11:12:41
Adiletia,агат да такыр ирмебесен
0
Kuyoo_bala
2018-01-11 11:32:17
Козумон жаш деле аккан жок,3 мунот деле туруп берем,ким мелдешет?
-8
raikakyz
2018-01-11 11:39:43
Kuyoo_bala,койгула,2 мунот аран турду актриса.Козунорду оорутуп аласынар.
+7
Adiletia
2018-01-11 11:59:31
5 минут турдум ирмебей. Телефондон бир сөздүн баш тамгасы менен акыркы тамгасын алмак-салмак тиктеп турдум. Мелдешке даярмын канча болсо дагы. Турам көп эле. Эч кандай жаш аккан жок
-8
Adiletia
2018-01-11 12:22:05
Kuyoo_bala, кантип мелдешебиз?
-2
balzak
2018-01-11 11:39:17
мен да Жессиканы ашып туштум, болот экен
-4
bond02
2018-01-11 12:00:00
Мен да тура алам темный очки менен.
0
NSKA
2018-01-11 12:00:11
Ой турса болот экен, мен деле 2мүнөт 39секунд көзүмдү ирмебей турдум
-5
ilgizk
2018-01-11 12:41:36
Көзү кичинелер 5 минута болсо да тура берет экен,
-4
Tynystan7799
2018-01-11 13:11:48
Кызык экен мен 1:21 секунд аран чыдадым
+1
tynchtyk93
2018-01-11 14:09:22
Оной элего жарым саат болсо деле тура берем мен
-4
Meerman
2018-01-11 14:32:36
2. 5. 10munot jarym saat turgandar videonordu jibergile
+5
Tahmina.Musaeva
2018-01-11 15:02:17
Мен 2,15 турдум. Чындап алдагандан пайда жок
+1
al-abu-kinesz
2018-01-11 15:11:22
Мен 3 мин.турдум. Эч кимди алдагым келбейт
-1
33SUUN
2018-01-11 16:21:16
Баарынарга ишенем копко турганынарга.Себеби биз Кыргызбызда.Аябай чыдамкай калкпыз.Озубуздун эркибиз менен 5-6 минут туруп жатабыз козубузду ирмебей.Эгер бироо рекорд болосун же акча берем десе охоо анда жарым саат деле тура беребизго.
+2
Bale
2018-01-11 23:30:32
меники 3 мунот болду
0
Motorola-Samsung
2018-01-12 02:05:25
Озумдун сыноо учун видео башталгандан аягына чейин козумду ирмебей турдум кылса болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан