Бүгүн, 11-январда депутат Аида Салянованын кезектеги соттук отуруму орун алды. Анда жактоочусу Чынара Жакупбекова жоопкер ооруп, ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу отурумду 15-20 күнгө жылдыра турууну сурады. Сот Ирина Воронцова жактоочунун сунушун канааттандырган жок.
Кийинки соттук отурум 15-январга саат 14:00гө белгиленди.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.