Бишкекте өткөн көргөзмөдө итке калпак кийгизип чыгып, кызуу талкууга алынган кыздын ишин иликтөө кылмыштын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.
"Бул боюнча иликтөө жүргүзүлдү, натыйжада иштин курамында кылмыштын жоктугуна байланыштуу аталган иш жабылды. Бишкек шаарынын мэриясына иш-чараларды өткөрүүдө коомчулуктун кыжырын келтирген мындай окуялар кайталанбоосу үчүн катуу көзөмөл жүргүзүлсүн деп кат жолдонду. Ошондой эле айыпталган кыздын окуу жайына да кат жөнөтүлдү", - дейт ал.
Эске салсак, 22-декабрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде итине калпак кийгизип көргөзмөгө катышкан кыз интернетте кызуу талкууга алынган. Кийин Бишкек ШИИББинде бул окуя боюнча иликтөө жүрө турганын билдиришкен.