Актриса Меган Маркл Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен үлпөт тоюна 4 ай калганда бардык социалдык тармактардагы баракчаларын өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 9-январдан баштап актрисанын социалдык тармактардагы баракчалары жеткиликтүү эмес болуп калган.
Ханзааданын сүйүктүүсүнүн Твиттердеги баракчасында 350 миң, Фейсбукта 800 миң, ал эми Инстаграмда 1 миллион 900 миң досу болгон. Ал социалдык баракчаларды активдүү колдонуп, байма-бай сүрөттөрдү жүктөп турган.
Буга чейин 2017-жылдын апрель айында Меган жашоо образы, кайрымдуулук жана тамак-аш тууралуу жазган "The Tig" блогун жапкандыгы тууралуу маалымдалган. Ошондой эле Меган ханзаада Гарри менен биргеликте берген алгачкы интервьюсунда актёрлук карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу айткан.
Эскерте кетсек, Гарри жана Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-майында өтөт.