"Сосновка" постунда бүгүн, 11-январда саат 12:00дөн баштап оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Берилген маалыматка ылайык, чектөө унаа тыгындарынын алдын алуу, болтурбоо жана жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында киргизилген.