Казакстандын хоккейчи айымдары муз үстүндө "Кара жорго" бийин бийлешти. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 10-январда Казак жергесинде хоккей жылдыздарынын жумалыгы башталган. Бул иш-чаранын алкагында казакстандык хоккей жылдыздары экиге бөлүнүп "Батыш" жана "Чыгыш" топтору болуп жолдоштук беттеш өткөрүшкөн.
Беттештин алдында "Батыш" командасынын мүчөлөрү кийим алмаштыруучу жайда орусиялык ырчы Ольга Бузованын "Мало половин" аталышындагы ырына бийлешип видео жарыялашкан.
Оюндун жыйынтыгында "Чыгыш" командасы "Батыш" командасын 3:2 эсебинде жеңип алышкан.