Британия ханышасы Елизавета II үй-бүлөсүн 57 жылдан бери ич кийим менен камсыздаган компания менен келишимин үздү

Британия ханышасы Елизавета II жана падышалык үй-бүлөдөгү айымдарды 57 жылдан бери ич кийим менен камсыздаган Rigby&Peller компаниясы бул мүмкүнчүлүгүнөн кол үздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, буга аталган бренддин жетекчиси Жон Кентондун жарык көргөн китеби себеп болгон. Анда Кентон падыша үй-бүлөсү кандай бюстгальтерлерди жактыра турганын ачык жазып, дүйнөнүн эң атактуу айымдары ал жетектеген бренддин ич кийимдерин тандай турганын кошумчалаган. Мындан улам падышалык үй-бүлө 57 жылдан бери иштешип келе жаткан бренд менен келишимин бузуп, аталган компаниядан жарнамаларынан тез арада падыша үй-бүлөсүнүн гербин алып салууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Rigby&Peller компаниясын 1939-жылы Гита Пеллер жана Берт Ригби аттуу достор негиздеген. 1960-жылы болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетип, анын алкагында падышалык үй-бүлө менен чогуу иштешүү келишими түзүлгөн. Ал эми 1982-жылы брендди Кентондун үй-бүлөсү сатып алган. Учурда бир ич кийимдин баасы болжол менен 8000 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
guli-1980
2018-01-12 10:22:13
Обу жоктор.
+2
Omuur94
2018-01-12 11:26:44
8 минге мен сарпай кыламго...
+5
Platon96
2018-01-12 16:10:29
Эл катары елего.немелери
0
aszyma
2018-01-12 18:37:53
100сом 100сом менен бүтөт экөөбү
+1
Saidochka
2018-01-12 19:28:18
Мындайды бизге кытайлар 100сомго эле тигип берет;)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан