Кыргыз музыкасына зор салым кошуп, кайталангыс кайрыктарды жараткан белгилүү обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров көзүү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда 77 жашка чыкмак.
Белгилүү обончу Жолон Мамытовдун "Издейм сени" аттуу ырына жан киргизип, ар бир уккан адамдын жан дүйнөсүнө бүлүк салган чыгарманы жаратуу Абдыкадыровго гана таандык өзгөчө таланттай. Обончунун ар бир чыгармасы лирикалуу маанайга ээ, обону мааниси терең сөздөр менен айкалышып тургандай туюлат.
Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу талант 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
Белгилүү обончу өзүнүн чыгармачылык жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган. Музыка тармагындагы инсандардын айтымында, Рыспай эч кимге окшобогон оригиналдуу композитор болгон. Ал музыкант эле эмес, торгойдун үнүндөй кубулжуган ырчылыгы, аккордеондо мыкты ойноо өнөрү, обонго тексттерди төп тандоого кудуреттүүлүгү менен айырмаланган.
12-январдын жылнаамасы.