Бишкекте чилдеде муз алдындагы сууга түшүп улакты алып чыккан жигит козу менен сыйланды

Кыштын чилдесинде муз алдындагы сууга түшүп кеткен улакты алып чыккан жигиттин ден соолугуна зыян келген жок. Бул тууралуу маалыматты ал жигиттин агасы Султанаалы Ташибеков SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, муз алдындагы сууга түшүп кеткен улакты алып чыккан инисинин аты-жөнү Кутубек Ташибеков. 27 жаштагы Кутубек 3 баланын атасы. Аксынын Кызыл-Жар айылында туулган. Учурда Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата конушунун жашоочусу.

"Иним өзү улакчы, ошол күнү да аламан улак тартыш өтүп, оюнчулар байкабай муздун үстүнө чыгып кетишкен. Муз жарылып оюнга тартылып жаткан улак суунун астына түшүп кетиптир. Иним оюндун кызыгын бузбоо үчүн сууга чумкуп кирип, улакты алып чыкты. Анын бул аракети оюнчулар тарабынан бааланып, бир козу берилди", - деди Ташибеков.

Ал белгилегендей, Чүй облусундагы айылдардын улакчылары ар жуманын дүйшөмбү күндөрү топтолуп, улак тартыш өткөрүлүп турат.

Буга чейин порталга сууга чумкуп кирип, улак тартыштагы улакты алып чыккан жигиттин видеосу жүктөлгөн. Мындай азарт коштогон оюн кечээ, 11-январда өткөн.

Улакчы жигит оюн үчүн экстремалдуу кадамга барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azatbek83
2018-01-12 15:27:02
Торпок бериш керек эле.Жок дегенде кочкор же койбу;козу бербей козу болсода жакшы эчнерсе бербей койгондон кору! Азамат Ден соолукта бол!
+6
Asat17
2018-01-12 15:56:01
Козу эле болуп калганы анча болбопиур да, кийинки кундору билинбесе болду ден соолугуна.
+4
kyrgyzstan00
2018-01-12 16:12:05
Азамат жигит экен.Козу берген и окшошпой калыптыр....
+4
timoha81
2018-01-12 16:18:55
Кийин соссуз билинет,Менин эки бутум аябай орууйт себеби мен дагы Февраль айында каар жаап жатканда сууга кирип койуп ушул болду
-2
Taku.14.02
2018-01-13 20:52:07
timoha81,койчу алдабай бир жолу тушуп койсо эчтеке болбойт 10.мунотко колдуктор кышында балык кармап сууга тушуп эле журобузгоо кары жашы карабай
+1
Almazbek-1987
2018-01-12 16:26:01
Азамат Кутубек Ийгилик. Кок бору оюнунар тынч отсун ар дайым.
+1
kechirmeni
2018-01-12 16:33:46
азамат бирок мындан кийин тушпой жур, аялынын туугандарынын шору ооруп калсан
+4
jamilya03
2018-01-13 19:24:40
Ооруп калсан 4 козунун акчасы кетишин унутуп калган окшойсун иним.Эмнеси болсо да аман бол азаматсын.
+1
Mynduzbek.Murzataev
2018-01-15 06:57:42
Чыныгы Эр жигит экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан