Белгилүү окумуштуу бир нече жылдардан соң жер жүзүндө адам чыдагыс ысык аба ырайы өкүм сүрө турганын айтты

Бир канча жылдардан кийин жер жүзүндө адам чыдагыс ысык аба ырайы өкүм сүрөт. Мындай оюн белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг билдирген.

Анын айтымында, бир канча жылдар өткөн соң Жер планетасындагы абанын температурасы жогорулап, адамдар жер жүзүндө жашай албай калышат. Маселенин баары акыркы жылдары жакшы байкалып жаткан глобалдуу жылуулуктун күчөп бара жатканында.

"Жакынкы мезгилде жер жүзү Венера планетасындай болуп калат. Башкача айтканда, биздин планетадагы жашоо адам чыдагыс ысык аба ырайынан улам токтойт", - деп билдирген окумуштуу.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, Венера планетасында кайсы бир мезгилдерде Жер планетасындагыдай жашоо-шарттары болгон. Бирок планетадагы абанын температурасы 400 градус ысыкка чейин көтөрүлүп, климат алмашкан. Мындай кырдаал эмне себептен жаралгандыгын окумуштуулар так аныктай элек.

"Дал ушундай тагдыр Жер планетасын да күтүп турат. Ошол себептен адамзаты азыртан баштап "жаңы үй" издөөсү керек", - дейт Хокинг.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
dastan_nookat
2018-01-12 14:55:23
Аллах билет баарын алдын ала айтуу кыйын
+9
Sultanmatievkg
2018-01-12 14:57:35
Баардык нерсе Аллахтын каалосу менен болот.Аллахтын буйругу болбосо.жерден бир кыпын да асманга учбайт
+11
Azatbek83
2018-01-12 15:01:02
Экинчи Ванга!!! Фантазёр!¡!
+8
Salixa.
2018-01-12 15:32:23
Azatbek83,минус басып алдым пилус басканы аткам.
-5
Okna
2018-01-12 15:12:57
Болушу мумкун акыр замана жакын акыр замананын белгилери ото коп аны биз сезбейтабыз Кытайда Индияда жайда канчалаган адам олот кундун ысыгынан тообо кылышыбыз керек
+3
farida.kg.1991
2018-01-12 15:13:37
кудай билетта кудай каалаганын кылат адам колунан келбейт
+2
rysik79
2018-01-12 15:14:16
Келжирей берет да алжыган чал. Буткул ааламды Жараткан Аллах Субхан ваТаалам билет.
+7
mirsapar
2018-01-12 15:50:00
Шүгүр кылып жакшы жашоону унутпайлы, келечекке карай үмүт менен жашап келатабыз,кудай сактасын.
+1
AKCAHAT
2018-01-12 16:34:42
Окумуштуулар деле биржа нерсени билип айтат, башталгандын бутмойу бар. Кыямат куну деген бар. Чолго кар жааса ай Кыямат Кыямат акыр заман дейсинер го))) значит Кыяматтын белгилери дуйнолук аба ырайынын алмашышы мн дагы байланыштуу. Баардык кубулуштардын илимий да теологиялык дагы тушундурмосу болот.
+4
Abdusamat.kg
2018-01-12 16:49:19
Бирок бир күн келип ал айткан адам чыдагыс ыссык күндөр келет , адамдар тердеп терлерине чөмүлүп калат. Ал күн КЫЯМАТ
+3
Shekeev969798
2018-01-13 16:11:03
Abdusamat.kg,Адамда канча тер чыгат билесинби? терине чомулгонду элестет
0
Asatilla.1983
2018-01-12 17:32:01
Зима нибудет
+1
MIRAN
2018-01-12 21:48:00
Оо Аллах Кыямат кунго чейин эле олуп калсам экен.Кыямат кайым ушундай коркунучтуу болот экен,Жада калса молдолорда кыяматка чейин ал деп суранат экен.Бирок олумго даяр эмесмин,намаз окубайм,орозо тутпайм Оо Аллах озун журогумо ыйман бере кор!
0
Taalaibek.
2018-01-12 22:22:22
Сен билбейсин.Бир аллах таалам билет.
0
010288
2018-01-12 22:48:45
Аллахым сактай кор.
0
Zainidin96
2018-01-13 00:38:56
Туугандар ошондуктан азыртан баштап намаз окуйлу,орозо тутайлы жумага баралы ойлонгула кийинки жашоону Бир гана Аллах билет эмне болорун Аллах Таалам билуучу жана коруучу
0
Totyua.71.
2018-01-13 11:06:30
Корунгонду суйлогондор кобойду!Деги тынччылык эле болсо экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан