Түркияда болуп жаткан нааразычылык акциясынын 3 катышуучусу каза болгонун аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялады. Буга чейинки полиция менен кагылышуу учурунда 2 жаран каза болгону кабарланган болчу. Айта кетсек, нааразычылык акциясы өкмөттүн соода борборун куруу үчүн сейил бактардын бириндеги дарактарды кыюусунан улам келип чыккан. Алар өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын отставкага кетишин талап кылышууда. Эрдоган демонстранттардын талаптарын аткаруудан баш тартып, отставкага кетпей турганын айтууда.