Бүгүн, 12-январда Чехияда президенттик шайлоо башталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шайлоого өлкөнүн азыркы президенти Милош Земан баш болгон тогуз талапкер ат салышууда. Шайлоо бүгүн саат 14:00дөн 22:00гө чейин уланат. Ал эми эртең саат 08:00дө башталып, 14:00дө жыйынтыкталат.
Земан Чехиянын президенти болуп 2013-жылы шайланган.
Талапкерлер: Иржи Драгош, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана Мирек Тополанек.