Кыргыздын залкар ырчысы, обончусу Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо бүгүн 58 жашка чыкмак. Ал 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган.
Чубак Сатаевдеги талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, Марат деген кошунасынын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт.
Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.
Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.
Учурда анын 37 жаштагы уулу Кубаныч Сатаев атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет. Былтыр күзүндө Чубак Сатаевдин өзү туулуп-өскөн айылына айкели тургузулган. Айкелдин ачылышы 2018-жылдын жаз айларына белгиленген.
13-январдын жылнаамасы.