Украинада атайын отряддын кызматкерлери депутатты кармоого аракет кылганда терезеден секирип түшүп качып кеткен

Украинанын Одесса облустук кеңешинин депутаты аны атайын отряддын кызматкерлери кармоого аракет кылганда терезеден секирип түшүп качып кеткен. Бул тууралуу Украинанын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Олег Бабенко аттуу Одесса облустук Кеңешинин депутаты коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине бир фирманын банктагы акчаларын камакка алууну жокко чыгарып бер деп 500 миң доллар сунуштаган деп айыпталып жаткан. Аны атайын отряддын кызматкерлери жашаган жерине барып кармоого аракет кылышканда депутат терезеден секирип түшүп качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
maks94.kb
2018-01-14 09:51:23
Кыйын экен биздин чиновниктерден мастер класс өткөн окшойт бул депуттатка
+6
General.kg
2018-01-14 10:00:17
Биздикилер качмак турсун челкейип курсагын көтөрө алышпайт))

Негизи кыйын киши экен башка бирөө болгондо шок!! болуп отуруп калмак!
+9
Altyn2017
2018-01-14 10:37:00
Бабановдон уйронгонго кандай качышты!
+5
Hadyja
2018-01-14 10:56:49
Отряддын эмес,отрядтын болот го
-5
fanatkg
2018-01-14 11:06:40
Hadyja,туура эле жазылган
+6
grace
2018-01-14 11:10:16
Hadyja,отряДДын деген туура, жумшак үнсүздөрдөн кийин жумшак үнсүз жазылат. Т деген каткалаң үнсүз, ал каткалаң үнсүздөрдөн кийин келет.
+7
Mularamov
2018-01-14 11:03:39
bul ataiyn jazylgan ulgu bolchu orginaly kininki sanda chygat
+5
General.kg
2018-01-14 12:02:22
Mularamov, )) мамлекеттик каттоодо иштейсиңби?
0
Azatbek83
2018-01-14 12:23:10
Mularamov,Кыргызча эле жазчы озбексинби Латын алфавитте жазгыдай?!
+5
Nurmat92
2018-01-14 14:12:00
Отряддары көзүн жумуп алып барышканбы? Биринчи айланасын курчайт да качып кетпесин деп анан калгандары үйүнө кирип барышат да. Деп кыйын болуп сүйлөп койдум болбосо өзүбүздүн Бакийип деле тайып кетпеди беле
+1
Aitun
2018-01-14 17:46:53
Биздикилер буга мастер класс ототда качыш боюнча. Чын эле атайлап качыргандайго. Кантип эле качып кетет
0
Taalaibek.
2018-01-14 20:40:43
Андан кийин эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан