SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Сулуулук сынагында подиумга чыккан кыздын кийими өрттөнүп кетти" аталышындагы видео жүктөлдү.
Ал видеодон подиумда бара жаткан кыздын кооздолуп, өтө чоң көлөмдө жасалган баш кийиминин үкүчөсүнө подиумдун жээгинде турган адамдын колундагы факелден от жармашканын көрүүгө болот. Үкүчөсүнө жармашып алоолонгон от чала-бучук денесине да тийип ал жердеги катышуучуларды чуу түшүргөн.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.