Белгилүү футбол жылдызы Уэйн Руни алдамчылык жол менен 100 миллион сомго чукул пайда көргөн алдамчыны кармоого жардамдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, британиялык Дэвид Ренни аттуу адам белгилүү футболчулардын кол тамгаларын окшоштуруп, футболкаларга өзү кол коюп сатып жүргөн. Алардын арасында Рунинин футболкалары да болгон. Ал бул алдамчылык аракеттери менен миллион фунт стерлингден ашуун каражат тапкан. Мындан улам футболчу Дэвид Ренни саткан футболкалардын арасында анын кол тамгасы түшүрүлбөгөнүн ашкерелеп, көрсөтмө берген.
Ошондой эле аталган маалыматта алдамчылыкка шектелип жаткан Дэвид Ренни 12-январда тартип сакчылары тарабынан камакка алынганы, аны менен бирге аялы дагы айыпталып жатканы айтылат.
32 жаштагы Уэйн Руни Англиянын премьер-лигасындагы эң эле таанымал чабуулчулардын бири. Футболдук карьерасын Англиянын "Эвертон" футболдук клубунан баштап, кийин "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунда 13 жыл ойноп команданын лидерлеринин бири болгон. 2017-жылы кайра "Эвертонго" кайтып келип, учурда спорттук карьерасын улантууда.