Казакстандын Шымкент шаарында эки жаштын үлпөт тою үчүн жасалган салмагы 1,5 тоннаны түзгөн торт талкуу жаратууда

Казакстандын Шымкент шаарында эки жаштын үлпөт тою үчүн жасалган салмагы 1 тонна 500 килограммды түзгөн торт талкуу жаратууда. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алгач торттун сүрөтү Казакстандын социалдык тармактарына тарап, ал тууралуу ар кандай талкуулар жаралган. Айрым интернет колдонуучулары торттун кооздугун макташса, айрымдары бул торттун акчасына материалдык жактан кыйналган үй-бүлөлөргө үй алып берип койсо болмок деген пикирлерин билдиришкен.

Кийин казакстандык продюсер Жан Муканов бул той Шымкент шаарында өтүп, тортту орусиялык белгилүү кулинар Ренат Агзамов даярдаганын жазган. Ошондой эле ал тойдун ээси ким экенин атабай, болгону алар акчасын адал тапкан адамдар экенин, тойго Казакстандагы белгилүү көп адамдар катышып, арасында казакстандык дүйнөлүк деңгээлдеги бокс жылдызы Геннадий Головкин да бар экенин жазган.

Бул боюнча аталган тортту жасаган кулинар Ренат Агзамов өзүнүн социалдык баракчасына торттун диаметри - 3 метр, бийиктиги - 4 метр 20 сантиметр (торт турган арабаны кошкондо) чыгарын, салмагы - 1 миң 500 килограмм экенин жазган.

Казакстанда 1 жарым тонналык торт жасалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
__anna__
2018-01-14 19:04:12
Чындыгында коп мээнет талап кылат.
+7
Platon96
2018-01-14 19:14:51
Ысрапкерчилик болсода коро албастык кылбай.бироонун меенетин баалап койгон ен жакшы.торт супер
+18
jbolotov
2018-01-14 19:50:18
Чынында ысырапкорчулукда, менде ушундай мумкунчулук болсо муктаждыгы барларга акчасын берип алардыда суйунтуп озумда сооп алмакмынгоо.
+7
Leilektik
2018-01-14 19:58:27
jbolotov,алдаба андай мумкунчулук болгондо близнец кылмаксын ал акчада аздык кылмак сен учун ,жок учун ушинтип жазып жатасында,
-3
jbolotov
2018-01-14 20:25:24
Leilektik, Озундун тушунугуно жараша жазыпсында. Акчаны биринчи орунга койбогондор четтен чыгат.
+3
Bayjigit83
2018-01-14 20:29:59
Leilektik, Эмне деп эле балдырап койдун,садаган кетейин!
+3
medya123
2018-01-14 19:52:19
Тою уууу
+1
kanu
2018-01-14 19:58:37
Колдон келип турса жасатсын акчаны мжэнет мн таап атат да тоюм оргиналдуу болсун деп а бардык кишилер иштесе детишет бироодон жардам сурап отура бербей.Тойдун ээлери баатылуу болушсун.
+5
gumigumi1990
2018-01-14 23:20:22
kanu,мен деле мумкунчулук болгондо жасатмакмын.
+1
kanu
2018-01-15 18:13:56
gumigumi1990,ооба да иштеш кк бардык адамдар ошондо бул нерсени жасатыш баарынын колунан келет.
0
Pandora
2018-01-14 20:31:28
Эки жаш бактылуу болсун!!! Каалаптыр,каалананын жасатыптыр.Ысырапкерчилик болсо силерге эмне? Ар ким озу учун жооп берет кудай алдында
+10
sirenaaaaa
2018-01-14 20:49:04
Жегин деле келбейт го
+4
NeRiNa
2018-01-14 21:06:12
Сонун жомоктогудай торт болуптур. Ошол кеткен акчанын бир болугун бергенде....ден соолугумду чындап алаар элем.
+5
Mydearzh
2018-01-14 22:33:29
Кулинар таланттуу экен!!!
+4
datkayimjan
2018-01-14 22:37:46
Кантип колун барып кесесин мындай тортту.
+5
Sarana
2018-01-14 22:50:25
Сонун! Баарыбыздын тоюбузда ушундай торт жазаттыралы!
+3
amina_kyzym
2018-01-14 22:54:54
ренат агзамов кыйын кулинар экен жасаган тортторуна жашагын келетго
+4
Ayida
2018-01-14 22:56:57
170 мин $ га жасатса. Не пайда?Жеди кунун туалет корду.Ошол акчаны кыйналгандарга берсе омур бою акыретте дагы соопко калып жыргамакго.Чиркин ай сооп жасаганды билген адамдарда акча жок.Билбеген адамдарда акча бар.Бирок суралат акыретте байлыгы учун.
+4
jbolotov
2018-01-14 23:18:05
Ayida,Менда ушуну айтып жеткире албай аткам.Соопчулук эмне экенин тушунбогондор толтура экенда, бирдеме десен мээнет кылып акча таптым дейт.
+3
kanu
2018-01-15 18:17:11
jbolotov,конечно мээнет кылып акча тапты да тоюма деп куну туну уктабай иштеди мумкун.соопчулукту да жасап аткандыр мумкун аны сен экообуз билбей бироого сын таккандан алыс болсок. Сонун жашоо бт
0
kanu
2018-01-15 18:15:26
Ayida,мумкун жардам да берип аткандыр сен кайдан билесин.
0
Ayida
2018-01-14 22:57:53
Тортту жасаган адам чындыгында таланттуу экен!Биз жонокой эле тортту жасай албайбыз.
+4
Birimdik5555
2018-01-15 01:02:58
Озбектер бир тонна аш кылса,казактар 1,5 тонна торт жасатса эми кыргыздар эки тонна бешбармак кылат окшойбуз (тамаша)
+7
Kanykei_95
2018-01-16 13:47:45
Birimdik5555,коментарийинизди окуп алып бир жылмайып алдым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан