АКШда катуу суукта муз болуп тоңуп калган аллигаторлор жандана башташты

АКШда катуу суукта муз болуп тоңуп калган крокодилдер, аллигаторлор жандана башташты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, күн жылып, муз эрий баштаган. Аны менен кошо музга башын чыгарып тоңуп калган крокодилдер, аллигаторлор жандана баштаган.

Айта кетсек, Түндүк Каролинада жайгашкан эс алуу жана көңүл ачуу парктарынын биринде жашаган крокодилдер сууда тумшуктарын сыртка чыгарган бойдон тоңуп калышкан.

Парктын жумушчуларынын айтымында, бул аллигаторлор өлбөйт, алар өзүлөрүнүн денесинин температурасын төмөндөтүп "гибернация" абалына түшүп, уктай беришет. Ал эми аба жылый баштаганда крокодилдер ойгонуп жашоосун улантышат. Мындай кубулуш рептилия түркүмүнө кирген жандыктарга таандык. Мисалы, бакалар дагы кышкысын "гибернация" абалына түшүп укташат дагы, жаз келгенде жанданышат. Жыл башынан бери катуу сууктан улам Американын жарым бөлүгүндө өзгөчө кырдаал киргизилген. Айрым аймактарда абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aitun
2018-01-15 08:36:17
Жер шаарын муз каптасада булар олбойт экенда. Уктап уктап туруп жашоосун уланта берет экен
+9
Taku.14.02
2018-01-15 09:33:37
муну угуп далай кишилер Майкл Джексондуу туурайт экен да
-11
keba300989
2018-01-15 10:07:24
Taku.14.02, ал эмне дегенин
+1
Dembele84
2018-01-15 21:23:45
Taku.14.02,Окшоштуруп эле уруп койо берет экенсин да а?)))
+1
Taku.14.02
2018-01-16 00:40:10
Dembele84,анан эмне кылам зеериккенде супер инфого кирип ар кайсыны жазам да. Коп бассан бок басасын деп олтурам да Маскодо.
0
nuri1
2018-01-15 11:10:12
Тан калыштуу. Ушундай кызыктуу нерселер коп. Мындайды укпаптырмын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан