Samsung компаниясы Galaxy S9 жана Galaxy S9+ моделиндеги смартфондорун 2018-жылдын февраль айында чыгарат. Бул тууралуу аталган компаниянын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, Лос-Анжелес шаарында өткөн CES-2018 көргөзмөсүндө Galaxy S9 жана Galaxy S9+ моделиндеги смартфондор ушул жылдын февраль айында чыга турганы маалым болгон. Ошондой эле көргөзмөдө ийилчээк экрандуу Galaxy X смартфонунун үлгүсү көрсөтүлгөн. Бирок аталган телефонду компаниянын бир нече гана кызматкерлери көргөн.
"Ийилчээк моделдеги телефонго Android операциялык системин жайгаштыруу мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу бул үлгүдөгү аппарат азыр чыгарылбайт. Техникалык көйгөйлөрдү ушул жылдын ноябрь айына чейин чечип, ийилчээк телефондорду 2019-жылы элге тартуулоо пландалууда", - деп жазылган маалыматта.