Австралияда күндүн ысыгынан улам миңден ашуун жарганаттар өлүмгө дуушар болду

Австралияда күндүн ысыгынан улам миңден ашуун жарганаттар өлүмгө дуушар болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, бир жумага созулган ысык аба ырайынан улам Кызыл китепке кирген боз баштуу жарганаттардын миңден ашууну өлгөн. Жарганаттардын бул түрү бактарда жашагандыктан үңкүрлөргө кирип ысыктан жашына албайт. Абанын температурасы 44 градус ысыкка жеткенде жарганаттардын баш мээси ысып, алар денесин башкара албай калышат.

Экологдордун айтымында, эгер мындай абал дагы бир жумага созула турган болсо бул жарганаттар жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын тизмесин толуктап калышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
General.kg
2018-01-15 11:11:24
Жаман коркунучтууго! Булар жарганаттан бери коргоп калгысы келет. Бизде ар кимси эле аркарларды кучактап мылтыгын көтөрүп тоодо●
+7
Shekeev969798
2018-01-15 11:30:44
General.kg,Бизде Мыйзамды чондор бузуп берет
+3
MUHLISA
2018-01-15 18:07:32
Shekeev969798,балык башынан сасыйт деген сөз бекеринен айтылбаган деңиз))
0
Isco23
2018-01-15 11:35:21
General.kg,коргош кк жаныбарларды. Ал эмес бакалардан бери коргойт го
+3
Shekeev969798
2018-01-15 11:30:57
анан биз улантабыз
+2
warrior96
2018-01-15 12:16:59
Биздин каргалардай болушуп оптом олушуптурда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан