Сапар Исаков Кыргыз өкмөтүн 5 айдан бери жетектөөдө. 4 айлык ишинин урунттуу учурларын, өкмөт жасап же жасабай жаткан иштерди SUPER.KG буга чейин жазган. Кезек 5-айга жетти. Соӊку 1 айда өкмөттө эмне иштер аткарылды? Негизгилерин тизмектейбиз.
ЭКОЛОГИЯ...
Козголгон тема: 25-декабрда Бишкекке Орусиядан газ менен жүрүүчү 350 автобус сатып алууну каржылоо жөнүндө меморандумга кол коюлду. Долбоордун суммасы 50 миллион доллар - 30 миллионун "Газпромбанк", 20 миллионун Кыргыз тарап каржылайт. Сапар Исаковдун айтымында, автобустар 2018-жылдын жаз айларында алынып келет. Жаӊы автобустар Бишкектин экологиясына, унаа тыгындарын жоюуга оӊ таасир тийгизет деген ишеничте премьер. Исаковдун биринчи орун басары Аскарбек Шадиев 2018-жылы күзгө чейин Бишкектин борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден "тазаланат" дейт.
8-январда Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) абага зыяндуу зат бөлүп чыгаруусун азайтуу тапшырмасын берди. Көп өтпөй ЖЭБдин эски от казандарын оӊдоо үчүн 29 миллион сомго тендер жарыяланды.
Жыйынтык ой: Бишкектин үстүн каптаган түтүн жарандарда тынчсызданууну жаратып келет. Жооптуу органдар Бишкектин абасында зыяндуу заттар нормадан 2-3 эсе ашыкча экенин ырастады. Ал эми 2017-жылы 386 миллион долларга жаӊыланып бүткөн ЖЭБди оӊдоого кайра 29 миллион сом жумшалып жатканы суроо жаратты.
МИГРАЦИЯ...
Козголгон тема: 27-декабрда Сапар Исаков сыртта жүргөн мекендештер боюнча Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин маалыматын укту. Премьер мигранттардын укугун коргоону жакшыртуу үчүн чет жердеги Кыргыз диаспоралары менен мамлекеттик органдар тыгыз иштешүүсү керек деди. Чет жердеги Кыргыздын ар бир жараны Миграция кызматына кайрылып, ыкчам жооп алышы үчүн атайын порталды 2018-жылы март айында ишке киргизүү тапшырмасын берди.
Жыйынтык ой: Мигранттарда көйгөй көп. Бирок баарында эле элчиликке кайрылып, жагдайды териштирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Аталган портал ишке киргизилсе, мекендештер онлайн түрдө жооптуу мекемеге тез кайрылып, ыкчам жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрү күтүлүүдө.
ТУРИЗМ...
Козголгон тема: Өкмөт жетекчиси 30-декабрда Чүй аймагындагы "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун ачылышына катышты. Исаков өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк кеӊири экенин белгилеп, элдин спорттун массалык түрү менен машыгуусун колдой турганын айтты. Кыргыз жериндеги кышкы туризмге кызыккан чет элдик туристтердин саны жылдан жылга өсүп жатканын да билдирди.
Жыйынтык ой: 2017-жылдын алгачкы 6 айында Кыргыз жерине 1,9 миллион турист келген. Бул 2016-жылдын 6 айына салыштырганда 350 миӊ туристке көп. Туризм департаменти жайында Кыргыз өлкөсүнөн эс алып кеткен туристтер, кышында да эс алууга келет деп үмүттөнүп жатканын билдирген. Ал үчүн өкмөт туристтердин жеке коопсуздугуна, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга кам көрүшү керек. Криминалдык чөйрөнү ооздуктоо, ага каршы күрөшүү иши дагы актуалдуу маселелердин бири болуп турат.
ЖООПКЕРЧИЛИК...
Козголгон маселе: Премьер-министр Сапар Исаков 8-январда Санжар Үмөталиевди Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өкүлү кызматынан бошотту. Ушул эле күнү "ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамды даярдоодо милдетин так аткарбаганы үчүн бир топ чиновниктерге жаза колдонду. Экономика министри Артём Новиковго, Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыяласа, бул экөөнүн орун басарларына катуу сөгүш берди. Эскерте кетсек, 2017-жылы 27-декабрда Жогорку Кеӊеш жогоруда аталган кодексти "кол коюлгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп кабыл алган. Бирок кодекс 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек эле. Парламент 30-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн өзгөртүп берди. Депутаттар бул катачылык үчүн жооптуу адамдарды жазалоону талап кылышкан.
Жыйынтык ой: Адатта кайсы бир катачылык үчүн чиновниктердин орун басарлары гана жазаланып, аткаминерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетишет. Бул сапар өкмөт башчы орун басарлары менен алардын башчыларына да жаза колдонуп, жоопкерчиликтүү мамилени күчөттү.
КЕӉЕШЧИЛЕР...
Козголгон тема: 9-январда Калыкбек Султанов премьер-министрдин кеӊешчиси болуп дайындалды. Өкмөт жетекчисинин башка буйругу менен 10-январда Татту Мамбеталиева премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеӊешчиси кызматына дайындалды.
Жыйынтык ой: Сапар Исаков мурдагы өкмөт башчыларынан кеӊешчилеринин көптүгү менен да айырмаланууда. Азыркы тапта премьердин 10 кеңешчиси бар. Булардын бешөө расмий кеӊешчи катары мамлекеттен маяна алса, калганы Исаковго "бекер" кеӊеш берүүчүлөр. Башында Сапар Исаков жаштардын өкмөтү түзүлгөнүн айтса, көп өтпөй командага улуулар аралашты. Мисалы, биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгуловду депутат Аскарбек Шадиев алмаштырды. Калыкбек Султанов, Токон Мамытов өӊдүү "карт" кеӊешчилер пайда болду.
КООПСУЗДУК...
Козголгон тема: 10-январда өкмөттө жол кыймылынын коопсуздугу талкууланды. Сапар Исаков 2018-жылдын жаз айларында МАИ кызматкерлери планшет менен камсыздалып, эреже бузууларды каттоо тармагы электрондук форматта жүргүзүлүп баштай турганын айткан эле.
11-январда "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытайдын "Huawei" компаниясы менен Инвестицияларды алдыга жылдыруу агенттигинин ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. "Акылдуу шаар" - Кыргыз өкмөтү 6 жылдан бери ишке ашыра албай жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы варианты. Долбоордун баасы 60 миллион доллар. 1,5 жыл ичинде Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек-"Манас" аэропорту трассаларына видеокамералар орнотулат. "Акылдуу шаар" ишке кирсе өлкөдө жол кырсыктары, жалпы кылмыштуулук азаят деп күтүлүүдө.
Жыйынтык ой: "Акылдуу шаарды" "Huawei" "АКА Инвест" компаниясы менен бирге ишке ашырганы жатат. "АКА Инвестти" түптөөчүлөрдүн бири - "АКА Петролиум" компаниясы Германияда катталып, бул компания Кыргыз жеринде "Терексай жаштары" деген дагы ишкана ачкан. Кыскасы "АКА Инвест" компаниясын "Акылдуу шаар" долбооруна кошууда Кыргыз тараптын кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылып, өкмөт "АКА Инвестти" "Huawei" өзү тапты деп билдирүүдө. Бул жагдай боюнча өкмөттөн жооп талап кылган айрым суроолор бар.
САЯСАТ...
Козголгон тема: Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. 15-январда Сапар Исаков өкмөт мүчөлөрү менен президенттин жарлыгын ишке ашыруу жолдорун талкуулады. Премьер жарлыкты сапаттуу ишке ашыруу, 2018-жылдын республикалык бюджетине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты. Жыл ичинде жасалуучу иш-чараларды бекитүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө керек деди Исаков.
Жыйынтык ой. Аймактарды өнүктүрүү үчүн президенттин, премьердин жана Жогорку Кеӊештин тыгыз иштешүүсү мааниге ээ. Ажонун жарлыгы элде айылдарга, шарты катаал аймактарга өзгөчө көӊүл бурулат, көп көйгөйлөр чечилет деген үмүт жаратты. Ал эми аймактарды өнүктүрүү иши Жогорку Кеӊештин жана өкмөттүн ишинен көз каранды.
КРИМИНАЛ...
Козголгон тема: Өкмөттө 15-январда өлкөдөгү криминалдык топтордун абалы талкууланды. Сапар Исаков эл арасында кооптонуу жаралганын, мамлекеттик органдар жарандардын коопсуздугун татыктуу камсыздашы керектигин айтты. Уюшкан кылмыштуулукка күрөштү жандантуу тапшырмасын берди. Ички иштер министри Улан Исраилов ички иштер органдары негизги басымды кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жакшыртууга, укук бузуулардын алдын алууга жасап жатканын билдирди.
Жыйынтык ой: Бул жыйындын эртеси Ленин райондук соту 2016-жылы 7 жылга соттолгон крим авторитет Чыӊгыз Жумагуловду (каймана аты Дөө) эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алды. 3 күндөн кийин Жумагуловдун "оӊ колу" аталып жүргөн Самарбек Жолдошев түрмөдөн жатак абакка которулду. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү талабы айтылып жаткан учурда "каралардын" минтип сот тарабынан эркиндикке чыгып жатышы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө маселе бар экенин көрсөттү.
КАМКОРДУК...
Козголгон тема: 15-январда өкмөт "Air Manas", "Avia Traffic Company" жана "Tez Jet" авиакомпаниялары менен Бишкек-Ош-Бишкек багытында билеттин баасын арзандатуу боюнча келишим түзүүгө жетишти. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшү жөнүндө шашылыш билдирүү жасаган учурда Бишкек-Ош аба каттамына билеттер 27 пайызга же 2700 сомго чейин арзандайт. Шашылыш билдирүү алынса, билет баалары калыбына келтирилет.
Жыйынтык ой: Кар жааган учурда Бишкек менен өлкөнүн түштүк аймагын байланыштырган жалгыз Бишкек-Ош жолунда жүрүү кыйынчылык жаратууда. Кар көчкүлөрү түшүүдө, жол тазаланбай унаа тыгындары жаралууда. Эми жарандарда арзан баада учак кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар.
ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕ...
Козголгон тема: 22-25-январь күндөрү Сапар Исаков Швейцарияда "Давос-2018" Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышты. Форумдун алкагында сөз сүйлөп, анда Кыргыз өлкөсүндө жасалып жаткан реформалар, "Таза коом" долбоору жөнүндө айтып берди. Армения, Грузиянын премьерлери, "Physee", "Daesung", "Fly Dubai", "Veon" өӊдүү ири компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү. Бул жолугушууларда Исаков Кыргыз өлкөсүнө инвестиция тартуу өкмөттүн башкы максаттарынын бири экенин белгиледи. "Биринчиси – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда бизнес менен мамлекет ортосундагы мамилелерди санариптештирүү жолу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскарткан "Таза Коом" улуттук программасы. Экинчиси – инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө көңүл бурулууда. 2017-жылы өкмөт Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына 3 жыл ичинде 3 миллион доллардан кем эмес салым кошчу каалаган инвесторго стабилизация режимин колдонууга жол берген стабилизация тууралуу жобону бекитти", - деди Исаков.
Жыйынтык ой: "Давос" эл аралык форуму - дүйнөдөгү престиждүү экономикалык форумдардын бири. Форумга 1000ге жакын ири компания, уюмдар мүчө. Швейцарияда жыл сайын өтүүчү бул форумга Кыргыз мамлекети 1998-жылдан бери биринчи жолу катышты. Кыргыз өлкөсүнүн жасап жаткан реформаларын, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк ири компанияларга тааныштырууга форум жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.