ЖЫЛНААМА, 15-ЯНВАРЬ: Согуш талаасында каза болгон залкар жазуучу Мукай Элебаев мындан 112 жыл мурун туулган

Атактуу жазуучу Мукай Элебаев 1906-жылы 15-январда Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган.

1921-жылы Мукай Элебаев Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка кабыл алынып, Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумуна кирет. Ал жакта үч жыл билим алган соң, Фрунзедеги борбордук педагогикалык техникумга келип 1930-жылга чейин окуйт. Мукай Элебаевдин "Зарыгам" аттуу туңгуч ыры 1924-жылы "Эркин Too" гезитинде жарык көргөн. Салттык арман ырларына үндөш жазылган бул чыгармасында акын билим алууга болгон тилегин, ой-санаасын билдирет: Канткенде табам амалын, Көкүрөктөгү жаранын. Алыста окуу артык деп, Угамын катуу кабарын… Билим алууга умтулуп, кыялында не бир алыскы шаарларга барсам дем далалаттанган акындын замандаштарына бул ыр чоң таасир берген. Аны обонго салып жатка ырдаган учурлары да болгонун ошол кездеги мектеп окуучусу, дагы бир кыргыздын атактуу акыны Кубанычбек Маликов эскерген. "Зарыгам" менен катар, "Алга бас", "Чамда", "Арсар жигит" өңдүү алгачкы ырларын Мукай Элебаев айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жараткан.

Жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы чыккан, ал эми 1936-жылы "Узак жол" автобиографиялык романы да жарык көргөн. Негизи, Мукай Элебаевдин дээрлик бардык чыгармалары автобиографиялык мазмунга ээ. Аларга "Узак жол" менен катар "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелери жана ырлары кирет. Элебаев чебер котормочу да болгон. Ал орус адабиятынын классикасына айланган Гоголдун "Шинель", "Өлүк жандар", Л.Толстойдун "Хажы Мурат", Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу" сыяктуу чыгармаларын, ошондой эле М.Горький, В.Маяковский, А.Сурковдун чыгармаларын кыргызчага которгон. Мындан тышкары, Элебаев кыргыздын алгачкы эл агартуучуларынын бири Жума Жамгырчиев менен бирге мектеп окуучулары үчүн адабият боюнча окуу китебин жазып, ал 1930-жылы жарык көргөн.

Ал эми 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болуп кирген. Мукай Элебаев 1943-жылы согуш майданына аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон. Согуш отун кечип жүргөндөгү Элебаевдин ырлары, албетте, ошол кандуу окуяларга арналып, алыскы мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычы, алар менен кайра жүздөшүү тилеги, жеңишке болгон ишеничи да чагылдырылат. Мындай чыгармаларга "Алыста калган жарга", "Согуштан кат", "Көрүшөрбүз бир күнү", "Ала-Тоодон кат", "Тилек" аттуу ырлары кирет. Адабият таануучулардын пикиринде, Мукай Элебаев кыргыз адабиятына ыр жазуунун жаңы формаларын киргизип, ошол кездеги коомдук-саясий турмуштагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, бийик добуштуу, эмоциясы күчтүү, декломациялык маанайдагы чыгармаларды жараткан. Алардын катарында "Күрөш бүтпөй", "Эми келди кайратым", "От араба" сыяктуу ырлары бар. Мукай Элебаевдин аңгемечи катары чеберчилигине "Бороондуу күнү" аттуу аңгемеси айкын мисал болот. Ал кыргыз турмушунда болгон бир эле бороондуу күн, бир эле үйдүн көрүнүшү, бир эле тестиер баланын баяндоосу менен мезгилдин маанайын жеткиликтүү жана көркөм сүрөттөп бере алган.

Элебаев чыгармачылыгы менен кыргыз жазма адабиятынын түптөлүшүндө, анын бардык жанрларынын калыптанып өрчүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон улуу сөз чебери катары тарыхта калды. Азыр Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылындагы орто мектеп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №1-орто мектеп Мукай Элебаевдин ысымын алып жүрөт.

15-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Matahara1980
2018-01-15 21:29:43
узак жол абдан жакшы роман, кайталап окуугандан тажабайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан