Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде белгилүү актёр Камчы Сарыбаев конокто болот

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - "Дем" театрынын актёру, бир топ кыргыз тасмаларында оң да, терс да каармандардын ролун ийинине жеткире аткарган Камчы Сарыбаев.

Актёр 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, ошол эле убакта өлкөдөгү радиолордун бирине ди-джей болуп кирген. Андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим Аяз ата" жана башка тасмаларда роль жараткан. 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын алган.

Камчы Сарыбаев үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Таланттуу актёрго бере турган суроолоруңуз же кандайдыр бир сунуш, ой-пикирлериңиз болсо, +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Актёр 17-январда саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

17-январда Камчы Сарыбаев Түз эфирде конокто болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
adi_ko.kg
2018-01-15 13:14:52
Онлайн кайсы жерден корсок болот
+1
admin_superstan
2018-01-15 13:21:57
adi_ko.kg, саламатсызбы! Түз эфирди соңку кабардан окуп, көрсөңүз болот.
+1
adi_ko.kg
2018-01-15 13:31:47
admin_superstan,
Рахмаат
+2
Adiletia
2018-01-16 18:17:04
Бир жолу жумуштап үйгө келип алтышка алтышка эле дейт, эй нормальный болчу десем омеей эй брат деп кайра кыйкырат. Анан түшүндүм булар көрсө ушинтип сүйлөйт экен.
-3
Isco23
2018-01-15 14:16:25
Ушуга чейин канчалаган суроолорду берип келдим бироосун да узатышпады( жалкоо
+10
Jazdyn_tany
2018-01-15 18:16:23
Экинчи уулу төрөлгөнүнө 2 күн болгондо, операция болгонун окуган элем. Азыр сүрөттөн чоңоюп калганын көрүп, сүйүнүп жатам. Өмүрлүү болсун! Камчы байке, балдарыңыз, жарыңыз менен бактылуу болуңуз! Мыкты актёрсуз...
"Боз салкын" тасмасында "бүктөп коём" деп айтып, ролду мыкты аткарганыңыз жагат )))))
+5
Hadyja
2018-01-15 21:31:32
Суроо берсен,баары бир беришпейт,негедир.Андан коро каалоо-тилек айтып койгон туура.Озу интернетке кирип,окуп алаар.Камчы байке,омурунуз узун болсун,сиздин ар бир катвшкан кинонуз элге жагат.Дагы коп деген жакшы кинолордо роль жаратып,тарыхыбызга Суймонкул Чокморов атабыздай из калтырыныз.Комедиялык жанрдагы рольдорду мыкты аткарасыз!!!
+8
Luna15
2018-01-16 08:03:25
Уй-булообуз менен ото сыйлаган актерубузсуз.Якутск шаарынан сизге чон салам ишинизге ийгилик каалайбыз,бар болунуз.
+2
aza84
2018-01-16 13:32:11
Абжора келет экенда баягында бир тойду тамада болуп журот же кыйратып алпара албайт.бир убакта жру болуп Кети карасак эт бышкан жакта эт жеп отурат уят эле бир тойдо 4антракт кылды короче аман эле болсун
-1
Nanei
2018-01-16 13:40:27
Эми бул актерго суроом деле жок. Бирок орто жашка келип калган киши суротко скромный эле болуп тушсо . Артистмин деп эле кыйраландай бербей. Тилин деле чыгарып албаптыр анча болду
-5
TazaKyrgyz
2018-01-17 01:25:31
Биз жактырган биз суйгон актер.Ден соолук,узун омур уй булоно бакыт каалайбыз.Бегалиевдердин уй булоосу
+1
meni_kut
2018-01-17 11:55:30
Мен деле суроо бербейм баарибир окушпайт.Андан коро каалоо тилек жолдоп коеюн.Камчы байке омурлуу болунуз,коп жашаныз,уйбулонуз менен бактылуу болуп,балдарынардын жакшы кунун корунуздор.
+3
ziash85
2018-01-17 13:53:39
Саламатсызбы Камчы мырза?жашоодо жиниңиз чукулбу же кандай ?балдарыңызга кандай атасыз жана жубайыңыздын кайсы сапаты өзүңүзгө тартат?
0
ziash85
2018-01-17 13:56:46
Анан сөгүнбөй калдыңызбы ? Сиздин сөгүнүп сүйлөгөнүңүз жаштарга терс таасирин тийгизет деп ойлобойсузбу?(эфирден сырт сөгүнөөрүңүздөн кабарыбыз бар)))
+2
Asel1Aikol
2018-01-17 14:58:15
Камчы байке келди бүгүн коноко
Конок болуп тордон орун алыңыз
Куйормандардын суроолорун унутпай Алып бааручуу тегиз окуп суроо узатып коюнуз
Эгер баарын так аткарбасаныз Бүктөп коёт сизди дагы абайлан! ! Саламатсызбы Камчы байке сизге ийгилик каалайм! Сизге суроо боз салкын тасмасында (буктоп коём )деген сөз эмне себептен жаралган
+1
adi_ko.kg
2018-01-17 15:33:47
Саламатсызбы Ырчы болойун деген ойлор барбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан