Парламентте өлкөгө адал азыктарын текшерген лаборатория ачуу маселеси көтөрүлдү

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев өлкөгө адал продукцияларын текшерген лаборатория ачуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаттары адал азыктарын текшерүү боюнча лабораторияларды ачууну сунуш кылды эле. Мен адал азыктары боюнча презентацияны көрүп калдым. Анда малды кичинекейинен баштап өстүргөн технологиясы бар экен", - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев демилгени колдой турганын билдирди. "Бул маселе 2014-2015-жылы каралып, Экономика министрлигине тапшырылган. Бизге тиешелүү тамак-аш коопсуздугун текшерген лабораториялар 100 пайыз бүткөн", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayida
2018-01-15 14:10:39
Туура! Кытайдын тамак ашы толуп кеттиго .Билип туруп жеп атабыз.Арамдан сактасын Аллах
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан