Интернеттеги ачык, акысыз коомдук энциклопедия “Википедия” сайты 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Сэнгер ойлоп тапкан бул термин wiki - "ыкчам" жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган.
“Википедия” - дүйнө калктары үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Бул интернеттик энциклопедияны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип, 285тен ашуун тилдерде жарыялап келишет. Ушул тапта "Википедиянын" казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 20 миллиондон ашык макала бар. Бул интернет баракты айына 400 миллиондон ашуун киши окуйт.
Аталган сайт дүйнө жүзүндөгү эң көп колдонулган сайт катары 3-орунда турат. Бул сайтта эң көп оңдоо-түзөөгө дуушар болгон макала деп АКШнын мурдагы президенти Жорж Бурш тууралуу макала эсептелет.