Куугунтукка кабылган кара терилүү модель Даки Тот кайрадан ийгилик жаратууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Даки Тот өзүнүн карьерасын 17 жашында "Australia’s Next Top Model" сынагына катышуу менен баштаган. Аталган сынакта жеңишке жеткен модель мода дүйнөсүнө аралашып, аз убакыт ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Бирок атактуулук менен кошо Тоттун дарегине көптөгөн сын-пикирлер жана адамдык аброюна шек келтирген сөздөр айтылып, карьерасында куугунтуктоолор башталган. Ал мындай негативди кабыл алууга даяр эмес болгондуктан моделдик чөйрөдөн кеткен.
Арадан 2 жыл өткөн соң модель Нью-Йоркко келип, кайрадан моделдик бизнесте ийгиликтерди жарата баштады.
"Менин кайтып келүүмө устатым Шарлотта Стоундун көз жумушу себеп болду. Эми мен устатым экөөбүз ойлонгон идеялардын бардыгын ишке ашырууга аракет кылам", - деп билдирген Тот.