Нурсултан Назарбаев менен Дональд Трамп бүгүн Вашингтондо жолугушат

АКШнын өлкө башчысы Дональд Трамп менен казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 16-январда Вашингтондогу Ак Үйдө жолугушат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы регионалдык коопсуздук, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык саясат тууралуу сөз болуп, Орусия менен мамиле, Сириядагы согуш жана Афганистандагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Ошондой эле Назарбаев 18-январда өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги сессиясына катышат.

Казакстан президентинин АКШга болгон иш сапары 18-январга чейин каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
1919
2018-01-16 10:57:19
Артындагы биздин желекко.
0
altyw95jan
2018-01-19 22:45:12
Нурик назарбай колунун узундугун кара биздикилер трампка барганын уга элекмин дух жок да кыкен падышада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан