Социалдык тармактарда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган флешмоб башталды

Социалдык тармактарда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган флешмоб башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда "Дүйнө жүзү Айтматовду окуйт" аталыштагы акция старт алды. Бул акцияга дүйнө жүзүндөгү мектеп окуучулары жана студенттер катыша алат. Акцияга катышуу үчүн белгилүү жазуучунун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны 2 мүнөттөн ашпаган убакытка видеого тартып #Aitmatov#educationkg хэштеги менен социалдык тармактарга жүктөө зарыл.

Ар бир катышуучу өзүнө ыңгайлуу болгон тилде, өзүнө жаккан чыгармадан үзүндүнү жатка айтып же болбосо окуп берсе болот.

"Дүйнө жүзү Айтматовду окуйт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ka2sr1
2018-01-16 18:31:53
Эн жакшы колдойбуз. Айтматов барктай билелик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан