Ырчы Александр Рыбак кайрадан "Евровидение" сынагына катышат

Норвегиялык ырчы Александр Рыбак кайрадан "Евровидение" сынагына катышат. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

"Евровидение-2009" сынагынын жеңүүчүсү Александр Рыбак ушул жылы Португалияда өтө турган "Евровидение-2018" сынагына катыша тургандыгын басма сөз жыйынында билдирген.

Маалым болгондой, ырчы Португалияда өтө турган сынакта "Тhat’s How You Write А Song" ырын аткарат. Ырчы жогоруда аталган ырдын өзүн гана эмес, ага тартылган видеоклипти да көрөрмандарга тартуулаганга жетишкен.

Айта кетсек, Рыбак "Евровидение-2009" сынагына "Fairytale" ыры менен катышып, жеңүүчү аталган.

Александр Рыбак "That’s How You Write A Song"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Artur555
2018-01-16 11:39:30
Эми точно алалбайт биринчи местаны, жаль, бекерле катышып жатат.
0
Azatbek83
2018-01-16 14:53:07
Artur555,Албаса Евровидениенин тарыхында калат эки жолу катышкан деп.Балким утаттыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан