Британиялык белгилүү модель жана актриса Кейт Мосс карьерасын 14 жашында баштап, ошондон тарта атактуулугун жоготпой келет. Ал 1974-жылы 16-январда Англияда туулган. 1990-2000-жылдардагы эң көп киреше тапкан моделдердин сап башында турат.
14 жашында аэропортто турган учурунда Лондондогу белгилүү моделдик агенттиктердин биринин директору Моссту байкап, аны кастингге катышууга чакырат. Анын сунушун кабыл алган Кейт модель катары өзүн сынап, 2 жыл ичинде аты калың элге таанылат.
Ошентип 20 жашында алгачкы миллион долларын табат. 1990-2000-жылдар аралыгында ал кездеги күчтүү моделдерди артка таштап, эң көп киреше тапкан сулууга айланат. Тактап айтканда, бир канча атактуу бренддердин жарнамаларына тартылып, күнүнө 10 миң долларга чейин каражат таба баштаган. Ал учурда моданын жылдызына айланган Мосско киного тартылуу сунуштары түшө баштаган.
Карьерасында ийгиликтер коштолгону менен, жеке жашоосунда андай болгон эмес. Тактап айтканда, модель жашоосунда бир нече эркектер менен мамиле түзүп көргөн. Бирок узакка созулган эмес. Кийинчерээк Жефферсон Хэк аттуу мырза менен олуттуу мамиле куруп, 2002-жылы кыздуу болгон. Түгөйлөр 2005-жылы эки башка жолду тандап, 2011-жылы Жейми Хинс аттуу музыкантка турмушка чыккан. Аны менен 2016-жылы ажырашып кеткен.
Модель тууралуу кызыктуу фактылар:
16-январдын жылнаамасы.