1 стакан чайдын баасы 100 сом, ымыркайлардын ыйлаганы: "Манас" аэропортундагы шарт кайрадан талкууга алынууда

"Манас" аэропортунда аба ырайына байланыштуу убактылары жылдырылган каттамдардын жүргүнчүлөрү ошол жерде түнөөгө аргасыз. Бирок андагы шарттар жүргүнчүлөрдү нааразы кыла турган абалда экендигин социалдык тармактын Нуркан Койчуманова аттуу колдонуучусу өздүк баракчасына жазган.

"Манас" эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу каттамдар жылдырылып жатканына баары түшүнүү менен мамиле жасап, ызуу-чуу салып, даттанган жан жок. Сабырдуулук менен күткөн жүргүнчүлөр. Бирок энелер жана балдар үчүн шарт жок. Балалуу энелерди көрүп жүрөгүң ооруйт, нааразычылыгың артат. Администрация тарабынан көңүл бурган эч ким жок. Эне-бала бөлмөсүнүн сууктугу, жаш ымыркайлардын ыйлаган үнү, баласын соорото албай түн катып тынчы кеткен энелер... Жадакалса бир ууртам суу ичүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Балдардын бөлмөсүндө пейили кенен кыргыз операциядан кийин аргасыз жанына жай издеген картаң энелерге да орун берип баарына кайыл. Бир чыны чайдын баасы 60 сомдон 100 сомго көтөрүлгөн кымбатчылык. Элибиз унчукпайт экен деп кайдыгер караган эл аралык "Манас" аэропортунун элдин зээнин кейиткен абалына ким жооп берет?" - деп жазган Койчуманова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
grace
2018-01-16 16:33:30
Жемкорлор качан элге татыктуу шарт түзүп берер экен? Кардыңар тешилип калса го ылайым!
+17
aman0296
2018-01-16 16:35:35
Байыгандар тойбойт да. Бул маселени карап, чечип беришсе жакшы болмок. Чайдын баасы 100сом. Кандай гана адамдар болбойт
+13
zevs
2018-01-16 16:48:47
sabr kylgyla olbogon kulga jaz kelet. bul kundor da otup ketet.
-2
Gulnyr19
2018-01-16 16:55:52
Исаков текшерип барганда тим эле башкача көрсөттү элего дивандар ойноочу бөлмөлөр кана ошолор
+14
Isco23
2018-01-16 17:07:15
1 чай 100 сом!тообо кылдым. Алкымынарга батып калыпсынар)))
+8
ekaterinburg
2018-01-16 17:10:09
Арызданмайынча иш бутпойт.Кайра-кайра арыздануу керек!Чын,озубуз"ии,мейличи"деп коп жерде журо беребиз.Ар бир жаран озунун укугун билуу керек!Талап кылуу керек ошолордон!Анткени алар бизден талап кылышат!Билетке акча,сумканы упаковка,чайын 100 сом,багажын ченемден ашып кетсе дагы акча.Бербей эле корчу"пощел вон"дейт.Биз да ошону уйронушубуз керек.
+11
nurikkg88
2018-01-16 17:23:27
Чынын айтсам жашым 30да бул жашоомдо олкобуздун гулдоп онугушун корбой отомго
+9
Isco23
2018-01-16 17:40:27
nurikkg88,аттин ииииииииий
+3
Adiletia
2018-01-16 17:58:21
Менин тууганым соке кетсин!
+4
ashamkan
2018-01-16 17:48:46
Бишкекте болгондо термоско чай дамдап нан варенье алып бармакмын
+4
alpekova
2018-01-16 18:06:46
ashamkan,Бишкекте да
+1
almanbetperm
2018-01-16 22:20:16
alpekova,ашамкан бишкекте эмес экенда
+2
Ma9
2018-01-16 19:28:47
Бишкек ошту ондогулачы уята чай сууларды арзан эле кылып берсенер 100 сом дагы болобу чай
+2
nurbekasr
2018-01-16 21:53:39
Негизи аэропорт жетекчилеринин уяттары жок экен,акчаны алышат,билетти култуйтуп кымбат сатышат,жок дегенде жата турган жер ысык тамак болбосо да жылуу арзан чай уюштуруп берсе болот эле.Элге деле жарыя кылса жардам чакырышып отун казан очок титан сууларды алып бармакбыз аэропорттун жанына.Кайран кана менин мекендештерим тонуп үшүп кыйналыпсынар да.
+5
erkinali858585
2018-01-17 00:23:08
Бул жеп жутарларга жуга берет арам акча.байкуш кедейлерден чыгып кетет бат эле.
+2
jbolotov
2018-01-17 00:40:39
Аэропортко кыргыз бийлигининда тиши отбой бараткандай, стратегиялык обьект болсода сатылган окшойт.Биздин бийлике импичмент жарыяланса менда чыкмакмын Оз бийлигибизге ишенбейм деп чыкмакмын. Аэропорт унаа токтотуучу жайдын баасы европаныкындай. Тан атканча койсон акчасыз каласын.
+5
Kanykei_95
2018-01-17 01:03:54
тообо 1чыны чайдын баасы 100 сом не деген шумдук, колдорун эмес буттарын кошо оозуна салып алганго
+4
ZANIA-92
2018-01-17 03:38:10
Жазгы суукта ушинтип аэропортто 2 жана 3 жаштагы балдарым менен туногон кунум эсиме тушуп кетти. Аябай кыйналдык эле баладар мн. Анан бул жердегилерди коруп алып,кандай экенин балдар мн суукта калып калууну, жакшы эле билип турам...
+1
Taalaibek.
2018-01-17 20:24:11
Чондорубуз бат жана эртереек тоюушса экен. Андана кйин карапайым элибиз тойот элек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан