Өзбекстанда кызматтан алынган ректор, министрлер акыркы үч жылда алган айлыгын кайрадан мамлекетке төлөп берет

Өзбекстанда кызматтан бошотулган ректор, министрлер үч жылдык мамлекеттен алган айлыгын өлкөгө кайра төлөп берет. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, 11-январда президент Шавкат Мирзийоевдин жетекчилиги алдында видеоселектордук кеңешме өткөн. Бул кеңешме Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин ишмердүүлүгүнө арналган. Анда Мирзийоев кызматкерлерге кайрылып, натыйжалуу иштебегендерге карата чара көрүлө турганын айткан.

"Эгер кимдир бирөөлөр көз карашын өзгөрткүсү келбей, баары мурдагыдай эле боло берет деп ойлосо өтө жаңылышат. Андай адамдардын баары кызматынан кол жууп, алган айлык акысын кайра төлөп беришет. Ирригациялык окуу жайдын ректору жумуштан бошотулганда ал акыркы үч жылда алган айлыгын кайра мамлекетке төлөгөн. Ошол сыяктуу эле үч министр жумуштан алынды. Эми алар да айлыгын кайтарат", - деди Мирзийоев.

Өзбек президенти чет өлкөдөгү элчиликтерге кайрылып, инвестиция, туризм тармагын жакшыртуу талаптарын койгон.

"Мага кагаз жүзүндөгү маалыматтар керек эмес. Мен силердин маалыматыңарга муктаж эмесмин, анын баарын интернеттен окуп алам. Мага экспорт керек, мен элди камсыздашым керек. АКШ өзүнүн каржылык жетишсиздигин экспорт аркылуу толтурганы жатат. Биз эмнеге аны жасай албайбыз? Өлкөнүн келечеги инвестициядан көз каранды экенин унутпагыла! Инвестиция болгон учурда гана жаңы жумуш орундары түзүлөт, жарандардын кирешеси артат. Ар бир турист, ар бир доллар бүгүн биз үчүн маанилүү", - деп айткан Мирзийоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
bekhaliev
2018-01-16 17:40:08
Узбекистан АКШга карап унтулат а Кыргызстан кошно мамлекетке карап, Кыргызстанда биркуну эн кыйын мамлекет болот Аллах каласа
+11
Kaary
2018-01-16 17:58:26
bekhaliev,Омиийин! Айтканың келсин!
+3
33SUUN
2018-01-16 18:06:01
Откондо бир конференциясында айттыго чиновниктерине.-Иштей албасанар чекеден уволить кыламан! Уч жолу уволить кыламан!-деп.Денгээли ото бийик адам экен озуно ишенген.25 жыл уктап жаткан мамлекетти бир жылда ойготуп коп озгоруу киргизди.Ишине ийгилик каалаймын.
+8
mirkaa5182
2018-01-16 18:32:50
Биздин президент үлгү алса болчудай экен.
+8
fanatkg
2018-01-16 18:52:50
Көздү күйгүзөтго!))
+5
Daak9091
2018-01-16 19:08:45
Ой биздикилер уч жылын толомок турсун уч жылдыкын алып кетет да
+4
kai42444
2018-01-16 19:14:22
Бирок биздикилер да бираз аракет кылып калышты корунот
0
uli1234
2018-01-16 20:19:51
Жаны приздентибизда ушундай иштейт буйруса эскиси жарабады
0
altyw95jan
2018-01-16 20:20:02
Кыкендердин проблемасы олбо жаным олбо..эптеп ак уйго барып келишсе бизнесин жургузуп тұрса, акчасын сулуу кыздарга чачса,маашырканып жип машиненин ичинде отурса,анан калп эле иштеп аткан тур корсотуп майда барат нерселерди чукулап теледен чыгып койсо болду! Олуп кетейин болду!мындан башканы ойлонушпайт 120кой эл учун иштейм дегендерди общий душняк берет дагы тээп чығат билип коруп эле журбойбузбу. Эптеп 120 койдон кутулуп алсак жакшы падышабыз иштеп эле берет болчу
+1
Luna15
2018-01-16 20:37:19
Озбек кино такыр корчу эмесмин,жакында 2киносун коруп астындагы коментарийлерим окусам озбектер бир жаман соз жазышпайткен бары жакшы кино,жакшы тартылган деген сыяктуу,биздин кинолордукун окусам тариканды билбейт деген сыяктуулар.Анан мен ойлоп койдум эмнеге биздин элге эчнерсе жакпайт ушул жерге 5жакшы созду да ыраа корбойткенбиз деп,жаманды жакшы дей берсен аягы келип жакшы болот дейт келгиле Туугандар позитив менен жашап королу
+3
temirov76
2018-01-17 10:12:28
Luna15,жакшыны жакшы жаманды дейт да,эл тараза эл сынчы,көпчүлүк эмне десе ошондой болот.
+1
chikeusenov
2018-01-16 20:43:48
бизде кинону деле тартканды билбейт кино тартайын десе эле жалан таныш туугандарын чакырып анан кастинг откорот да ал эми таныш туугандарсыз иш бутпой калдыго карасан мвд министр баарында тууган болуп кеткен ошентсе кантип жакшы кино тартып же олкону башкара алат эле
+1
warrior96
2018-01-16 20:44:39
Шавкат мындай иштесе Россиядагы озбектер уйлоруно тез эле кетет окшойт,..Биздикилер калатко Орусиядаа....
+1
bekhaliev
2018-01-16 22:16:23
warrior96,Анан биздин депутатар мактанат, эми кенири Россияда иштейбергиле иш кенири деп
+7
temirov76
2018-01-17 10:14:44
Бизде да ушундай тартип болуп калса тышкы карыз тез эле азайып калса керек.
0
Akyl78.1501
2018-01-17 10:30:15
Отанга рахмат президент бизнинг Сооронбайга хам келиб ургатиб куйинг канака килиб ишлашни.
+2
Aza030393
2018-01-17 11:56:27
Жакында Озбекистан Дубайдан отот бул кетиште маладец Ш.Мирзоев омуруну берсин ылайым !!
+2
lunaTik1
2018-01-18 00:02:15
Бироолордун башына башына чапкым келип кетти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан