Ленин РИИБи оор кылмышка шектүү жаранды кармады

Бишкектин Ленин РИИБинин кызматкерлери  "адамды кыйнап өлтүргөн" деген шек менен 5-июнда Евгений К. аттуу жаранды кармашты. Бишкек ШИИББи билдиргендей, 3-июнда аталган РИИБине Рыскулов-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 30-35 жаштардагы адамдын кыйнап өлтүрүлгөндүгүнө күбө болушкан. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран күнөөсүн моюнга алып, таанышы Александрдын ичине бычак сайып салганын айтып берди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан