Кирпигине муз тоңгон кыздын сүрөтү кызуу талкууга алынууда

Орусиянын Якутск шаарынын 24 жаштагы тургуну Анастасия Груздеванын социалдык тармактардын бирине жүктөгөн сүрөтү тез арада популярдуулукка ээ болуп, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Анда Груздева кирпиктерине муз тоңгон сүрөттү жүктөп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

"Бизде 50 градуска чейин суук. Азыр Якутскта жашаган ар бир адамда дал ушундай сүрөт бар болуш керек. Көчөдө тоңуп калбастан аман жашап жүрөбүз. 2 жыл мурун да дал ушундай сүрөт жүктөгөм, ошону жаңыртып коюуну чечтим", - деген ал.

Анын бул сүрөтү дароо кызуу талкууга алынып, көпчүлүктүн таң калуусун жараткан. Ал гана эмес болгону 7000 катталуучусу бар экенине карабастан, аз убакытта 32 миңге жакын "жакты" белгисине татыган. Кирпигине муз тоңгон кыз бул чыныгы сүрөт экенине ишенбегендер үчүн видео да жүктөөгө жетишип, анын бул сүрөтү мынчалык популярдуу болуп кете турганын ойлобогонун айткан.

Кирпигин кыроо баскан кыздын сүрөтү кызуу талкууга алынууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
dinar-87
2018-01-16 18:20:59
Мага окшогон ушукчондор 1кундоле тонуп олотко -5ке чыдабай калам.
+20
Isco23
2018-01-16 18:21:54
Ушу инстадагы омкс видеодогукызбы?
+11
meni_kut
2018-01-16 18:51:30
видеосу кана
+2
Nevestkaa
2018-01-16 19:14:10
Кирпикти узуун кылып улаган үчүн даана көрүнүп калган.
-5
kyzburak87
2018-01-16 19:31:17
Nevestkaa, Мен да Якутиядамын 1 жума мурда 53 'с га чейин суук болду туман боюмда бар дем ала албай жумушка такси менен барып келип жаттым жоо 15 минутада жеткен жерге чейин
+13
kyzburak87
2018-01-16 19:31:34
Бул чындык
+6
Farm94
2018-01-16 20:13:15
65 градус ойунбу анан ишенсе болот албетте
+3
Luna15
2018-01-16 20:26:47
оа Якутскийде ушундай суукта канчалаган кыргыздар журобуз,суук соогубуздон отту чынын айтканда айла жок жашоо шартыбызды ондоп баштаган уюбузду бутолу деп чыдап журобузда.Уйго жетиштин айласы болуп атып тонгон кирпикке да конул бурбай калабыз
+14
stal.ks
2018-01-16 21:48:14
бизде качан кар жаайт экен
+3
Aikoo2014
2018-01-16 22:45:02
Ой боой мана окшогон ушукчулдор кантет экен ээ.
+3
ludimira
2018-01-17 01:16:58
Снегурочка
+1
timaika9195
2018-01-17 10:06:27
Кудайга шугур Москвада мындай суук жок азыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан