Нарындагы Кочкор - Миң-Куш унаа жолунун 10-чакырымында жол кырсыгы болуп, 1 адам каза тапканын ӨКМ билдирди. Мицубиси унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Байтели суу каналына түшүп кеткен. Окуядан айдоочу, 1979-жылы туулган Жолдошбек Абдыгазиев каза болуп, 2011-жылы туулган уулу Жолдошбек уулу Али буту сынып ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге ӨКМнын Кочкор райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгон айдоочуну каналдан алып чыгышкан жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда кырсыктын келип чыгышы такталууда.