Орусиялык театр жана кино актёру, Татарстандын Эмгек сиңирген артисти Марат Башаров сириялык өспүрүмдөрдү өз камкордугуна алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Ахмад жана Асма аттуу өспүрүмдөр Ливандагы убактылуу лагерде өздөрүнүн ата-энелери менен жашашат. Актёр ай сайын аларга каржы жагынан жардам көрсөтүп туруу үчүн расмий түрдө кол коюп келген. Анын айтымында, бул чечимге өзүнүн каалоосу жана тандоосу менен келген.
Ошондой эле февраль айында Москвада өтө турган, өзү режиссёрлук кылган "Разговор с душой" спектаклине чакырган.
Белгилей кетсек, "Олигарх", "Сделка", "Служебный роман. Наше время" жана башка тасмалар аркылуу таанымал актёрдун өзүнүн 1 кыз, 1 уулу бар.