Мактагысы келген адамын чегине жеткире көкөлөтүп, сындыргысы келген адамды эки ооз сөз менен өз ордуна коюп койгон төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу Элмирбек Иманалиев бүгүн, 17-январда 40 жашка чыкты.
Ак таңдай акын менен байланышып туулган күнү менен куттуктаганыбызда, ал ыраазычылыгын айтып төмөнкүлөрдү билдирди:
"Мен туулган күнүмдү атайын белгилебейм деле, эл катары адамдардан куттуктоолорду кабыл алып коём. Туулган күнүмдө алган белектин баары мен үчүн баалуу болуп эсептелет. Бул дүйнөдөгү эң чоң белек деп мындан 40 жыл мурун ата-энем тартуулаган жашоону билем".
Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.
Тууганбай, Ашыраалы акындардын жолун жолдоп, алардан сабак алган 15 жаштагы Иманалиев 1993-жылы өткөн "Ак таңдай-1993" фестивалында Гран-При сыйлыгын жеңип алган. Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.
Айтыштарда оюн-тамаша кептери оргуштап чыккан акындын чыгарган чыгармаларынын көбүндө арман, кайгы камтылган. Буга акын "тамаша, күлкүмдү айтыш учурунда чыгарып салып, калган чыгармачылыгыма жалаң кайгы, арман гана калат окшойт деп ойлоп калдым" деген жообун узаткан. Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырларын билбеген адам болбосо керек. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.
2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин колунан "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы менен сыйланган.
Акын алгачкы сүйүүсү ырчы Гүлбү Ороскул кызына 1994-жылы жолугуп, 1995-жылы баш кошушкан. Жубайлар эки кыздуу болушкан. Бирок кимдин маңдайына кандай тагдыр жазылса, анын бир тамгасы да кыйшайбай аткарылат дегендей жубайлар ажырашып кетишкен. Кийин акын экинчи жолу турмуш жаңыртып, Нурзат аттуу айымга баш кошкон.
17-январдын жылнаамасы.