Чүй облустук Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин кызматкерлери Кызыл китепке кирген ак кууну сактап калышты. Бул тууралуу Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (NABU) Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Билдирүүгө ылайык, департаменттин кызматкерлери жарадар болгон ак кууну "NABU`нун" кеңсесине алып келишкен. Ал жактан канаттууну мал доктурлар көрүп, ал катуу жаракат албаганын, октон териси гана бир аз жабыр тартканын билдиришкен.
Тийиштүү жардам көрсөтүлгөн соң ак кууга жем берилип сууга коё берилген. Канаттууну өлтүргөнгө аракет кылган браконьерлер кармалган эмес.
Буга чейин SUPER.KG порталына Ысык-Көлдө жана Чатыр-Көлдө байырлаган, сурнайдыкындай салтанаттуу үнү бар куркулдак ак куу тууралуу кенен жазылган.