Улуу Британиянын премьер-министри жалгыздыкты жоюу кызматын түздү

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жаңы кызматты түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай, өкмөт башчы Маданият, спорт, коммуникация жана санариптик технологиялар министрлигинин жалгыздык менен күрөшүү боюнча орун басары жаңы кызматын түзгөн.

Буга Британиянын 9 миллионго жакын эли жалгыздыктан азап тарткандыгы себеп болгон. Бул кызматка дайындалган Трейси Крауч аттуу айым эми бул "социалдык эпидемия" менен күрөшүү иштерин жүргүзөт.

Тереза Мэй жалгыздык абдан көп адамдар үчүн азаптуу жашоо экенин билдирген: "Биз, баарыбыз биргеликте көптөгөн улгайган адамдар азап чегип жашаган жалгыздык менен күрөшүүгө күч жумшашыбызды каалайм. Анын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жакын адамын карагандар, жакынын жоготкондор жана жөн гана баарлашууга эч кимиси жоктор бар", - деген.

Ошондой эле премьер-министр бул көйгөйдү жоюу үчүн бир катар министрликтер дароо жалпы стратегияны иштеп чыга турганын айткан. Жергиликтүү кайрымдуулук фонддордун бири өздөрүнүн жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянып, орто эсепте 200 миңге жакын британиялык достору же туугандары менен 1 айдан ашык убакытка чейин баарлашпаганын маалымдаган. Азаптуу жалгыздыктан ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн 85 пайызы да жабыркагандыгы белгилүү болгон.

Ал эми эксперттер адамдардын көп убакыт бою жалгыз жүрүүсү ден соолук үчүн чылым тарткан сыяктуу эле зыян экенин айтышкан. Алар жалгыздык адамдын психикалык саламаттыгына олуттуу зыян келтирип, эрте өлүмгө алып келүү коркунучу 3 эсеге көбөйөрүн белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Karban86
2018-01-17 21:21:11
Жумушка албайсынарбы мени
+2
Nurmat92
2018-01-17 21:21:27
Жалгыздык жанга батканда Британияны көздөй жөнөш керек экен
+8
Shadykanov
2018-01-17 22:07:26
Кандай жетишкен олко
+2
Ka2sr1
2018-01-17 22:41:19
Эн жакшы чечим болуптур. Жалгыздык эн жаман. Тушуно билиш керек.
+1
datkayimjan
2018-01-17 23:21:34
Кантип жоет экен,кызык
0
Karban86
2018-01-18 15:54:27
datkayimjan,бир ботолко шарап алып барат экен жалгыз адамга, анан экоо ичет. Эртеси сменшиги алмаштырат
0
Adi.Avazbekov
2018-01-18 01:13:37
Ushul kyzmat kyrgyzstanda achylsa emne demeksiner kyzyk boltat
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан