"Ата Мекендин" депутаттары жана Өмүрбек Текебаев "Белизгейт" боюнча сотто Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновго утулуп калышты

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы фракция лидери Өмүрбек Текебаев УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго соттон утулуп калышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, аталган отурум алардын катышуусуз өткөн жана бул тууралуу алар 12-январда гана билишкен.

"Биз бул иш каралганын билген да эмеспиз, биздин арызыбызды сот карап канааттандырбаганын өзүбүз Биринчи Май райондук сотуна телефон чалып билдик. Бул тууралуу соттун чечимин да ала элекпиз", - дейт юрист.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин жана депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана мурдагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан.

Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
fora
2018-01-17 18:07:06
Пазор Аша кетседа ошол система иштеп жатат
+20
Melis2014
2018-01-17 18:10:55
Ашанын заманы аша емне десе ошол аткарылат еми
+17
almanbetperm
2018-01-17 18:12:53
Аша бийликте турганда эчким жене албайт
+10
asankulov12
2018-01-17 18:47:35
Тан калыштуу эмес. Бийликте ким болсо ошолор утушат да.
+15
muslim87
2018-01-17 19:06:19
Охоо булар АШАнын эрке балдары болсо анан кантип түрмөдө жаткан Текебаев утмак эле. Чындык кашкайып көрүнүп турса да соттор ушулардын пайдасына чечип беретда. Антпесе бай атасынан көргүлүктү көрүп калбайбы. Бул адилетсиз жалган дүйнөнүн сотунан уткула акыйкатсыздык менен, бирок акыреттин соту Кудай алдындагы соттон кантип кутулаар экенсиңер. Ал жерде баары акыйкат болот, эч ким силерге жалган күбө болуп бере албайт. Андыктан силерге боорум ооруйт.
+14
Jelezo
2018-01-17 19:41:05
Кыргызстанда соттордун бети менен дагы бир жери бирдей болуп калыптыр
+9
jbolotov
2018-01-17 20:45:44
Балким чын эле Белизден официалдуу жооп келгендир. Текебаев элге жаккан созду суйлоп журсо эле бул киши таза иштеди дегенди билдирбейт
-7
zevs
2018-01-17 21:33:10
negizi taryhta bolboso kerek biylikti utkan adam
+1
Nendi15
2018-01-17 22:10:54
Мен жеке Сокени президентим деп кабыл албайм
+2
Nurbollot
2018-01-17 22:13:38
Эээ эмне дешти билбей калдык жакында элди да кыйнай баштайт
+2
zevs
2018-01-17 22:57:25
sapar jarabady konul jylytarlyk elge jakwylyk kyla turgan iw kyla elekko. emi tehosmotr kirse dagy korupsiya bironun chontogun tolturup bawtaybyzgo jakynda.
+2
didu
2018-01-18 07:14:05
дагеле эски музыка ойнойт экенда
+1
BoyUlanboy
2018-01-18 07:49:26
Ушу адамдар бошонуп чыкса Аша баш болуп Абдил тош болуп жооп беришетго ошол кун келсе экен кызык болтат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан