Жалал-Абадда аялдын үйүнө курал менен кирип, коркутуп тоноп кетишкен деп шектелип 4 адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында тургундун үйүнө кирип, курал менен коркутуп алтын буюмдарын жана акчасын алып кеткен деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, окуя 13-январда саат 02:00дөр чамасында болгон.

"Таш-Булак айылындагы белгисиз 4 адам беткап кийишип, 47 жаштагы аялдын уктоочу бөлмөсүнө киришип, анын башына тапанчасын такап, колун, бутун, жана оозун скотч менен байлашып, алтын шакегин, алтын сөйкөсүн жана миң сомун алып кетишкен. Ошол учурда үйдө келини жана неберелери уктап жаткан. Бирок алар каракчылардын киргенин сезишкен эмес. Кийин бул кылмышка шектелип, Жалал-Абад жана Сузак районунун 4 жараны кармалды. Алардын ичинен экөө ошол эле айылдын тургундары - 1977-жылы туулган А.Ш, 1994-жылы туулган С.М. аттуу жарандар болгон. Ошондой эле Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1999-жылы туулган Р.О. жана Жалал-Абад шаарынын жашоочусу 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран да тиешеси бар деп кармалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан тышкары басма сөз кызматы шектүүлөргө карата 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
omke.85
2018-01-17 23:04:46
Озбекти озбек тоноптурда таш булакта 99%туугандар
0
Zainidin96
2018-01-18 00:44:52
Уят эле кыргызды кыргыз тоноп кудай сактасын
0
Sagidko88
2018-01-18 12:09:09
акмактар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан