SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "АКШда өрт өчүрүүчү үчүнчү кабаттан ыргытылган кызды тосуп алды" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Ник (Vid).
Маалыматка караганда, видео 2018-жылдын январь айынын башында тартылган. Анда АКШнын Атланта шаарында турак үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Ошол учурда куткаруучулар күйүп жаткан имараттын ичинен 12 адамды алып чыгышкан. Алардын сегизи жаш балдар болгон.
Жаш балдардын көбү ата-энелери тарабынан үчүнчү кабаттан ыргытылып, аларды өрт өчүрүүчүлөр тосуп алышкан. Ошондой учурлардын бири видеого түшүп калган.
Видеону көрүү үчүн бул шилтемеге кириңиз.