Америкалык жөө күлүктүн дааратканада жашынып марафондорду жеңип келгени аныкталды

Америкалык спортчу дааратканада жашынып, марафондорду жеңип келгени үчүн айыпталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Аризона штатында өткөн марафондун уюштуруучулары жөө күлүк Келли Эгнюну алдамчылык үчүн марафондон четтетишкен. Анткени ал дааратканага жашынып, аралыктын бир канча чакырымын чуркаган эмес.

"Бул марафондо белгилүү убакытта спортчулар чуркап өткөн аралык эсептелет. Ал эми Эгню болсо маралык чийинден өтүп коюп эле, алыс эмес жерде жайгашкан биодааратканада отура берген, ал бул ыкманы бир нече жолу кайталаган. Ал улам маралык чийинден өткөндүгүнө байланыштуу жыйынтыктарды эсептөө системи аны белгилүү чакырымды чуркап келди деп эсептей берген", - деп жазылат маалыматта.

Жөө күлүктүн бул жоругун байкап калган уюштуруучулар анын буга чейинки жетишкендиктерин да кайра карап чыгышкан. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ал утуп алган 48 сааттык марафондун акыркы 7 саатын чуркабагандыгы аныкталып, уюштуруучулар Эгнюга кийинки жарыштарга катышууга тыюу салган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
jasgul
2018-01-18 11:27:40
Айнаанайын, бир алда, эки алда,кайра - кайра эле алдай берген болбойт да, тобба кылдым.
+20
Suzak12
2018-01-18 13:21:57
jasgul,Туура айтасын Казахстан туралуу жанылык жоко же мен корбой жатамбы 52 адам автобуста куйуп кетти деп жатат
+3
jasgul
2018-01-18 19:18:44
Suzak12,журот го Озбекстандын жарандары деп. Бечаралар ажал улук , сурагынар женил, жаткан жерлери жайлуу болсун
+2
Pandora
2018-01-18 11:37:23
Кантип эле корбой калышты? Адамдар жада калса камера ар бир адамды коргозуп туратго кимиси арита калды,отуп кеткен
+11
baatyrbek083
2018-01-18 11:37:43
Биздин чондордой экен
+19
Freemankg
2018-01-18 12:06:15
Биздин депутаттар,чиновниктердин озу экенда.
+8
Jumahmatov
2018-01-18 12:06:29
Хахаха
+5
Zainidin96
2018-01-18 12:42:11
Элди алдасанда Албаны алдай албайсын
+5
admin_superstan
2018-01-18 12:55:33
prenses, жарнама жана коммерциялык маалыматтар "Коммерциялык жарыялар" бөлүмүнө жайгаштырылышы керек. 3 күнгө БАН!
+1
Povetkin
2018-01-18 14:49:09
Келесоого бир жолу Алда эки жолу Алда бар бир билинетда ХХХХ..
+1
__anna__
2018-01-18 17:16:28
Айииий байкуш. Алдагандан эмне пайда. Барибир тутулуп калдын))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан