Уйкусун бузган мышыгын 13-кабаттан ыргытып жиберген адамга кылмыш иши козголду

Екатеринбург шаарынын тургунуна уйкусун бузган мышыгын 13-кабаттан ыргытып жибергени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган шаардагы Павл Шаманов көчөсүнүн 1980-жылы туулган жашоочусу мас абалында өзүнүн мышыгын 13-кабаттын балконунан ыргытып жиберген.

"Бул батирде негизинен Сёма жана Симба деген эки мышык жашаган. Окуя болгон күнү мышыктардын ээси досу менен алкоголдук ичимдиктерди ичкен. Досу үйүнө кеткен соң ал уктоо үчүн жаткан. Уктап жаткан мезгилде мышыктар бири-бири менен урушуп, ээсинин тынчын алган. Ызы-чууга чыдабаган ал мышыктардын бирөөсүн балкондон ыргытып жиберген. Мышык алган жаракатынан улам өлүп калган", - деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиянын мыйзамдарына ылайык жаныбарларга ырайымсыздык менен мамиле кылгандыгы үчүн кылмышкер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2018-01-18 12:27:00
Туура кылат соттош керек.
+5
ozgeldi
2018-01-18 12:56:50
Мышыка 5 жыл
+3
Pandora
2018-01-18 13:00:09
ozgeldi,6ай эмеспи?
+2
Talgat89
2018-01-18 13:54:42
Туура кылган хотя бы 3 жылга соттош керек. Даже ислам хадистеринде деле айтылат го жан-жаныбарларды себепсиз олтурбогуло, кыйнабагыла, бардык нерсеге мээрим тогуп жакшы менен мамиле кылгыла деп.
+4
JaneEr
2018-01-18 15:19:53
Ал жакта закон иштейт.Кана эми бизде да ошондой болсо.Адамдын олумун ошол мышыктай корбойт Кыргызстанда.
+5
SaLtY
2018-01-18 17:54:04
JaneEr,Туура айтасын . Жалалабаддан бир бала итти атып олтургон видеосу чыкты эч ким эчнерсе чара коргон жок.
0
omke.85
2018-01-19 13:12:03
SaLtY,ал байдын баласы итти аткан акча берип чыгып кетти
0
Bale
2018-01-20 01:32:15
койгулачы э.. бизде ит мышык учун соттосо андада айтмаксынар... мышык учун адамды соттоп деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан