Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчулары Олимпиада оюндарынын ачылышында бир желектин алдында басышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 2018-жылдын 9-25-февралында өтө турчу XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчулары көк түс менен Корея жарым аралынын сүрөтү тартылган ак желектин алдында чогуу басышат.
Мындай чечим эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин келип чыккан. Спортчулардын бир туунун алдында чогуу чыгуусу бул эки өлкөнүн биригүүсүнө болгон умтулуусун көрсөтөт.
Ошондой эле Олимпиадага катыша турган кыз-келиндердин хоккей командасы Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчуларынан курала тургандыгы айтылган.