АКШнын Юта штатынын жашоочулары Сара менен Патрик 3 айдын ичинде чакан үй курушкан. Аны каалаган убакытта атайын унаанын жардамы менен башка жактарга жылдырып, көчүрүп кетүүгө болот.

Үй 4 адамга ылайыкталган. Анда бир бөлмөнүн ичинде уктоочу, жуунуучу бөлмө, кичинекей муздаткыч, микротолкундуу меши менен ашкана орун алган.

Үй ээлеринин айтымында, мындай үй алардын көптөн бери ойлонуп жүргөн кыялдарынын бири эле.